Биринчи май акимиатынын имаратында 1-жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча райондук коллегия болуп өттү.Жыйынга райондун акими Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, акимдин орун басарлары, акимчиликтин бөлүм башчылары, шаардык, райондук кызматтардын, МАБтын жетекчилери катышты.
Коллегиянын иш планы, Биринчи май районунун экономикасынын биринчи жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы жана жарандардын кайрылуусу боюнча 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер каралды.
Биринчи маселе боюнча акимдин биринчи орун басары Райым Жолдошов жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 2146,6 миллион сомдук пландын ордуна 2338,7 миллион сом салык төлөмдөрү жана жыйымдар түшкөнүн, б.а. аткарылышы пландан 109,0%ды түздү же 192,1 млн сомго көп түшкөнүн маалымдады.
Райондук салык кызматына салык төлөмдөрүн жыйноо боюнча жигердүү иштерди улантуу, 2023-жылдын аягына чейин салык чогултуунун пландык көрсөткүчүнө жетүү боюнча реалдуу чараларды көрүү тапшырма берилди.
Шаардыктардын кайрылуусу боюнча аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков 4632 жакын кат келип түшкөнүн, анын 1928 борбордун мэриясынан, 2241 жетекчинин атына жазылганын, анын 1521 юридикалык жактардан, 720 жарандардан келгендигин билдирди.
Акимдин жеке кабыл алуусуна 65 жаран кайрылып, анын 43 аткарылып, 18 жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 4 жарандын маселеси каралып жатат. Жыл башынан бери райондун тургундары менен 5 жолу жетекчинин жолугушуусу өткөрүлүп, 224 маселе көтөрүлүп, аткарылышы 57% түздү, 80 көчмө жыйын, кыдыруулар, 90 тапшырмалар түзүлүп, 43 аткарылды, 47 аткарылууда.
2023-жылдын 21-июнунда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров райондун активи менен жолугушуп, 64 тапшырма көзөмөлгө алынган.
Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборуна WhatsApp аркылуу 130 кайрылуу келип түшкөн, көбүнчөсү катуу таштандыларды чыгаруу, Эркиндик бульварындагы көчө музыканттарга, курулуштарга , стихиялуу соода-сатык боюнча арыздар. Ошол эле учурда коомдук кабылдама жана акимчиликтин ишеним телефону ар дайым жеткиликтүү.
Белгилей кетсек, эки жылда администрацияга кайрылуулар азайып, 2021-жылы - 1025, 2022-жылы - 838, 2023-жылы - 720 болуп, натыйжада райондун тургундары менен үзгүлтүксүз жолугушуулар, түз эфирлер, сапарлар, жетекчинин жеке кабыл алуулары өттү.
Берилген маалыматтарды угуп, сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен тапшырмалардын пункттарын жана артыкчылыктуу багыттарды көрсөтүү менен коллегиянын токтому кабыл алынды.