Свердлов акимиатынын жыйындар залында башчы Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Мурат Осмоновдун катышуусунда Свердлов районунун 2023-жылдагы экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча муниципалдык администрациянын коллегиясынын отуруму өттү.

Коллегияга район башчысынын орун басарлары, шаардык, райондук кызматтардын жетекчилери жана райондук МАБдарынын  башчылары катышты.

Коллегиянын отурумунда төмөнкү маселелер каралды:

- 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Свердлов районунун экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары;

- Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын иши.

Биринчи маселе боюнча башчынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов Свердлов районунун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, райондук салык башкармалыгынын жетекчиси  райондун жергиликтүү бюджетин толуктоого багытталган жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Экинчи маселе боюнча жеке турак-жай курулуш департаментинин директорунун орун басары Чынгыз Кемелбеков жерге мунапыс берүү боюнча иштердин жүрүшү тууралуу баяндама жасады.