Свердлов районундагы «Ак-Тилек» жана «Бакай-Ата» конуштарында газ менен жылытууга өтүү боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуу Свердлов районунун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакуновдун төрагалыгы алдында, МАБнын башчыларынын, "Газпром Кыргызстан" жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн катышу

усунда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  үй ээлерине жаратылыш газ менен камсыздоо тармагына кошуу ыкмалары, ошондой эле  банктын (финансы-кредиттик уюмдардын) газдаштырууга багытталган жөнөкөйлөтүлгөн насыя  тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, райондун тургундарына 150 миң сомго чейин насыяны күрөөсүз,  баштапкы төлөмсүз, төмөн пайыз менен алууга болору айтылды. Каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша насыяны төлөө үчүн эң ыңгайлуу мөөнөттү адам өзү тандайт – үч ай же эки жыл.

Адаттагыдай, түшүндүрүү иштеринен кийин жолугушуу суроо-жооп форматына өтүп, тургундар бардык кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Райондун аймагында тургундарды көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүү боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.

Урматтуу шаардыктар абанын булганышын олуттуу азайтуу максатында газ менен жылытууга өтүүнү суранабыз.