2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында Свердлов акимиаты тарабынан райондун отун базаларында көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүлүүдө.
Бүгүн муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси Акматбек Кожомкулов Достоевский, №1 дарегиндеги "ИК Гефест" отун базасына барып, баалары менен таанышты.
Бүгүнкү күндө отун базасында 1500 тонна Шабыркүл көмүрү бар, анын тоннасы 5800 сомдон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө отун базасынын жетекчиси менен көмүр баасын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.