Борбор калаада социалдык объектилерди   куруу уланууда.

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев № 55 орто мектептин капиталдык ремонтунун жүрүшү менен таанышты.

Иштер 2023-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу дем берүүчү (үлүштүк) гранттын алкагында бөлүнгөн каражаттын эсебинен мектептин шифер чатырын темир  чатырга   алмаштыруу, ошондой эле электр монтаждоо жана сыртын сырдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Оңдоо иштерин бүтүрүү 2023-жылдын 15-августуна белгиленген.

Ленин районундагы №55 орто мектеп 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Мектептин долбоордук кубаттуулугу 1070 орундуу, иш жүзүндө 2025 окуучу билим алат.

Жыйынтыгында  подряддык  уюмдардын жетекчилерине жана тиешелүү адистерге оңдоо иштерин тездетүү жана  өз убагында пайдаланууга берүү  тапшырылды.