Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков мамлекеттен берилген социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдү кыдырып чыкты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык контракттын негизинде колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу максатында Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков социалдык контракттын негизинде мамлекеттен жардам алган үй-бүлөлөргө барды.  95 тургунга бизнес-пландарга ылайык, өз ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн акча каражаттары берилген.

Бүгүнкү күндө Свердлов районунда долбоордун 95 катышуучусу төмөнкү багыттар боюнча бизнес ачуу үчүн 100 000 сомдон алышты:

•кийим өнөр жайы – 66 үй-бүлө;
•дүң соода – 13 үй-бүлө;
•коомдук тамактануу – 2 үй-бүлө;
•клининг кызматы – 2 үй-бүлө;
•жүргүнчүлөрдү ташууга такси кызматы – 6 үй-бүлө;
•биогумус – 1 үй-бүлө;
•маникюр кызматы – 1 үй-бүлө;
•тоок багуу – 2 үй-бүлө;
•кой багуу – 1 үй-бүлө;
•компьютердик кызматтар (ксерокопия) – 1 үй-бүлө.

Эскерте кетсек, жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, аларды турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү иш-аракеттерге стимулдаштырууга, алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле ишкерлерди кошумча жумуш орундарын же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү процессине тартууга багытталган.