Октябрь районунун 12-кичирайонунда мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган жайда кичи тигүү ательеси ачылды.
Ателье Октябрь акимиатынын жана КР Коргоо министрлигинин демилгеси, «ЦЕНТР АС-САФА» коомдук бирикмеси жана «Авангард Билдинг» ЖЧК курулуш компаниясынын каржылык колдоосу менен ачылган.
Бул долбоордун максаты үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу үчүн активдүү кадамдарга үндөө, социалдык коргоо тутумунан жетиштүү көз карандысыздыкка жана коомго толук кандуу катышууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө, үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү.
Администрация салтанаттуу түрдө ыраазычылык каттарын тапшырып, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи.