"Аска-Таш" кире бериш комплексинин жанаша жайгашкан аймагында тазалык акциясы өткөрүлдү.
Акцияга Биринчи май районунун акимиты, «Тазалык» ишканасы, «Жаратылыш менин үйүм» коомдук уюмунун ыктыярчылары катышты.
60 капка жакын таштанды чогултулду. Тазалоочу жабдуулар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жана «Шоро» компаниясынын колдоосу менен «Эко Деми» коомдук фондунун «Жер Эне» долбоору тарабынан берилди.
Мындай эко-иш-чараларды борбор калаанын бардык райондорунда өткөрүү пландалууда.