2023-жылдын 27-июлунан 30-июлуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын спорттун күжүрмөн түрү боюнча спорт мектебинин дзюдочулары, Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчулары дзюдо боюнча Американын ачык чемпионатына (U.S. Open Judo Championships) катышты. Чемпионат 2003-2005-жылдары төрөлгөн жаштар арасында Форт-Лодердейлде (АКШ) өткөн. Мелдешке 15 өлкөнүн спортчулары катышты.
Спорт чеберине талапкерлер, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Жумашев Дастан 73 кг салмакта 2-орунду алса, 81 кг салмакта Талант Даниел коло медалга ээ болду.
Мелдештерди эл аралык категориядагы “International referee” судьясы Абдурасулов Азамат - спорттун күжүрмөн түрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору тейледи.