Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасына ылайык, райондордун акимдери учурдагы курулуш иштери боюнча кыдыруу жүргүзүүдө.

Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов Горький көчөсүндөгү узундугу 2 чакырымдай болгон Манас проспектисинен Б.Баатыр көчөсүнө чейинки тротуарды реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди.  Ирригацияны орнотуу иштерин  "Бишкекасфальтсервис" МИси иштеп жатат.

Кыдыруунун экинчи пунктунда Айни №13 көчөсүндө жайгашкан Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиянын филиалына кошумча корпустун курулушу менен таанышып чыктык.

Эки кабаттуу имарат 225 окуучуга эсептелген, тапшырыкчы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы" мекемеси, курулушту "Тоолос Строй" компаниясы подряддык уюм жүргүзөт, каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Текшерүүдө кошумча корпусту куруу өтө жай жүрүп жаткандыгы белгиленген, анткени жумушчулар жетишсиз, бул багытта жумушчулардын санын көбөйтүү милдети коюлган.

Инспекция учурунда мындан тышкары, ишкерлик субъектилери менен жанаша аймакты жашылдандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.