Бишкек шаарынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Медеров көчөсүнүн боюндагы «Золотой Дракон» ресторанынын жанындагы муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталып, токтотулду.

Жерине мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын начальниги, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барды.

Белгилей кетсек, курулуш максатында «SAN and COMPANY» ЖЧКсынын участкасынын ижарачылары муниципалдык аймакка чыгып, тротуарга чуңкур казып салышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында эреже бузгандарга тротуарды кайра төшөө (жаңылоо) милдеттендирилди.

Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти жер участогун ижарага берүү келишимин бузууга милдеттүү.

"Бишкекбашкыархитектура" МИ тарабынан бардык уруксат кагаздары  жокко чыгарылды.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин чегинде кылмыш ишин козгоо, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселени карап чыгат.

Ошондой эле,  бул иштердин жүрүшүн Бишкек шаарынын архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгы өз көзөмөлүнө алат.

Урматтуу шаар тургундары! Жер пайдалануу  жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз.