Борбор калаадагы «Бишкекжашылчарба» ишканасынын көрктөндүрүүчүлөрү жаңы жашыл аймакты көрктөндүрүү иштерин улантышууда.

Жакында Юлиус Фучик көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги стела жаңы ландшафттык зонага айланат, ал жаңы көчөттөр менен гана эмес, декоративдик элементтер менен да кооздолот.

Учурда стеланын өзүн реставрациялоо иштери аяктап жатат. Эми гана ал улуттук оймо-чийме түрүндөгү жаңы жасалгалар  менен толукталып, түн ичинде оюм-чийим менен жаркырап турат.

350 м2 узундуктагы сугат түтүктөрү курулуп бүттү, жаңы аймак автоматтык түрдө сугарылат, стеланын аймагына 530 м2 аянтка газон чөптүн үрөнү себилген.

Ошондой эле улуттук шырдактын түрүндөгү түркүн түстүү табигый таштардын оюму чийилмекчи.

Бул этапта жашылдандыручулар жашыл көчөттөрдү  отургузууну жана стеланын өзүндө акыркы декоративдик иш-аракеттерди жасашы керек.

Эске салсак, жаңы зонаны ийне жалбырактуу туялардын жана арчалардын сорттору, ошондой эле бонсай, юкка, кызыл барбарис, спирея жана везикула сыяктуу көчөттөр кооздойт.