Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасына ылайык, Бишкектин бардык райондорунда акимдердин көчмө жыйындары, текшерүүлөрү уланууда.
Биринчи май райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков МАБ менен биргеликте П-түрүндөгү
Снегирёвский тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрүү маселесин талкуулап, андан соң Нариманов жана Алтай тилкелеринин кесилишиндеги жаңы сквердин курулушу менен таанышты.
Андан соң №18 мектепке (Карагай чолок көчөсү 31) бардык, бүгүнкү күндө кошумча имарат дээрлик бүтүп калды, азыр мектепке чейинки даярдык кызуу жүрүп жатат, класстарды жууп, окуучулардын парталарын, столдорун, стулдарын жана такталар сатып алып орноттук. Ошондой эле подрядчылар спорт аянтчасын реконструкциялоодо.
Эске салсак, эки кабаттуу имарат 225 орунга эсептелген 910 чарчы метр аянтты ээлейт. Каражаттар коррупцияга каршы күрөш боюнча депозиттик эсептен бөлүнүп, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурсуна ылайык, "Дастан Групп" компаниясы курууда.
Андан соң Ак-Босого жаңы конушунда бала бакча куруп жаткан «AT Empire» ЖЧК подряддык уюмунун бригадири менен тааныштык. Подрядчы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын сынагынын негизинде тандалып алынган.
Учурда котлаванды казуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орундуу бир кабаттуу болуп, имаратынын жалпы аянты 1413,01 чарчы метрди, ал эми жер тилкесинин аянты 0,5714 гектарды түзөт. Имаратта кийим-кече, оюн бөлмөсү, кампа, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ошондой эле кызматкерлер үчүн бөлмө, ашкана, тазалоочу шаймандарды сактоочу жай, музыкалык жана спорттук зал каралган.
Жыйынтыгында райондук кызматтардын артыкчылыктуу милдеттери көрсөтүлгөн көчмө жыйындын протоколу түзүлдү.