20-августтан тарта Бишкектин муниципалдык коомдук транспортунда накталай төлөм алынып салынат

Тулпар окуучулук карта боюнча маалымат:

Жашыл түстөгү окуучулар үчүн транспорт картасын алуу үчүн үйдөн чыкпай онлайн арыз калтырууга болот.

Арызды калтыруу үчүн https://www.tulpar-card.kg/about/buy/ сайтына кирүү керек.

Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматындагы окуучунун сүрөтүн (сүрөт документтегидей болушу керек) жана бардык керектүү документтерди (окуган жеринен маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жүктөө керек.

Эгерде сиз баардыгын туура толтурган болсоңуз, анда арызыңыз адистер тарабынан каралып, карта 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен Октябрь акимчилигинде жайгашкан сервистик борбордо берилет. Окуучу картанын баасы 50 сом, иштөө убактысы боюнча чектелген эмес.

Окуучу картанын өзгөчөлүгү эмнеде ?

Биринчиден мектеп картасын стандарттык түрдө ар бир жол кире үчүн 11 сомдон төлөп колдонууга болот.

Картаны сатып алгандан кийин окуучу картасын туташтыруу үчүн төмөнкүлөр керек:

🔹Тулпар мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз;
🔹катталуу;
🔹картаны өзүңүздүн жеке эсебиңизге байланыштырып, балансты толтуруңуз.

Даяр картаны  Октябрь акимчилигинин 1-кабатында  жайгашкан "Тулпар" тейлөө борборунан алсаңыз болот жана  бир айга 240 сомдук окуучулук тарифти туташтырып коюу мүмкүн.

Мектеп карталары боюнча кошумча маалымат үчүн телефон: 0505 58 0151