Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык, райондордо жер амнистиясына кирген объекттерге комиссия ишин улантууда

Биринчи май районунда бардыгы болуп 34 маселе каралган, алардын ичинен оң чечим кабыл алынган -18, 5 маселе тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөө үчүн калтырылган жана 11 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура"  башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Свердлов районунда бардыгы   358 маселе каралып, комиссия тарабынан шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура"  башкармалыгына 358 материал жөнөтүлгөн.

Ленин районунда бардыгы болуп 51 маселе каралып, алардын ичинен 35 арыз боюнча оң чечим кабыл алынды, 2 материал толуктап иштеп чыгуу үчүн тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөө үчүн бөлүнүп, 1 арыз берилди.

Урматтуу шаардыктар! Документтерди кабыл алуу күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч, 57 (жеке турак жай жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат.

Байланыш: 0312 979297, 0312 97 94 54.