Мраморное жана Озёрное айылдарындагы фермердик чарбалар уруксаатсыз талааларды сугаруу үчүн трубаларды орнотуп алышкан.

Тазаланган саркынды сууларды ижарачылардын айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууга катуу тыюу салынат.

«Бишкексууканал» башкармалыгы тазаланган саркынды сууларды ирригацияга пайдаланууну көзөмөлгө алып, тынымсыз күрөш жүргүзүп келет. Ал эми суу чыгаруучу каналдын периметри боюнча тыюу салынган белгилер орнотулуп, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мурда орнотулган суу алуучу курулмалар демонтаждалууда.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын саркынды сууларды чыгаруу кызматынын тазалоочу курулмаларынын лабораториясынын кызматкерлери саркынды сууларды күн сайын анализге алып турушат.

Айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн чыгуучу каналдан саркынды сууларды пайдаланууга катуу тыюу салынат!