Быйыл "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тротуарларды капиталдык оңдоого катуу киришти. Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 10 чакырымды түзгөн 19 объектте үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүүдө.

Ошентип, Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) 1458 погондук метр аралыкта иш аягына чыгып жатат. Учурда бригада Каралаев көчөсүнүн кесилишинде жана №7 үйүнүн ортосунда иштеп жатат, кийинки жуманын аягына чейин асфальттоо пландалууда.

Юнусалиев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин чыгыш тарабынан 70% иштер аяктады. Жалпы узундугу 1600 погон метрди түзөт. Ахунбаевден Лининг дүкөнүнө чейин асфальт төшөө иштери аяктады. Учурда бордюрлардын ордун даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул участоктогу иштерди 15 жумушчу күндүн ичинде аяктоо пландаштырылууда.

М.Ганди көчөсү боюнча (чыгыш тарабы) Жибек-Жолу проспектисинен  Саадаев көчөсүнө чейин узундугу 3000 погон метр тротуар оңдолууда. Жибек-Жолу проспектисинен Ленинград көчөсүнө чейинки жерди асфальтташты. Бүгүнкү күндө жерин пландоо жана бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн "Газпром" кеңсесине чейин (батыш тарабы) 2300 погон метр жерге  ирригациялык системаны, бордюрларды орнотуп, топурак тегиздөө иштери жүрүп жатат.

Горький көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин, узундугу 1950 погон метр. Түндүк тарабынан тынчтык проспектисинен Ашхабад көчөсүнө, түштүк тарабынан Кара-Суу көчөсүнө чейин асфальтталган. Андан ары башка бөлүктөрдө  ишкананын графиги боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Шабдан Баатыр көчөсү Курманжан  Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин түштүк тараптан башталып, Курманжан Датка көчөсүнөн ЖЭБге чейинки ирригациялык система, бордюрлар орнотулду. Иш түндүк тараптан башталды. Жалпы узундугу 3 400 погондук метрди түзөт.

Чүй проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) 95% бүткөрүлүп, узундугу 870 погон метрди түзөт. Бордюрду, ирригациялык системаны орнотуу, асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аяктады. Жакында аялдама комплексти жана өтмөктөрдү асфальттайбыз.

Чүй проспектисинде Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (түштүк тарабы) 675 погондук метр аралыкта эски асфальтты сыйруу иштери бүткөрүлдү, Бейшеналиева көчөсүнөн баштап Жаш Гвардияга чейинки жерге бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ушундай эле иштер Чүй проспектисинде Павлов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) аткарылууда. Аталган жердин узундугу 380ди түзөт.