Бишкекте Бөкөнбаев көчөсүндөгү тротуар оңдолуп жатат. К.Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин иштер башталды.

Тротуардын узундугу 150 метр, туурасы 2,5 метрди түзөт. Эски асфальтты сыйруу иштери аяктады. Бүгүнкү күндө тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоо иштери 95%га аяктаганын билдиребиз.

Сугат лотоктору, тротуардын бордюрлары орнотулду. Курулушка тоскоол болгон эки күркө тротуардан ары жылдырылды. Ушул жуманын аягына чейин аялдамаларды жана өтмөктү асфальттоо пландалууда.