Кызыл жеңилдик картасы акысыз чыгарылат жана төмөнкү категориядагы жарандарга муниципалдык транспортто акысыз  жүрүү мүмкүнчүлүгүн берет:

- Бишкек шаарында катталган жаш курагы боюнча пенсионерлер
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар
- «Кыргызпочтасы» ААК  почтальондору

Кызыл картаны алуу үчүн карта берүүчү пунктка барып (райондук акимиат), ким экендигин тастыктаган, жеңилдиктер каралган картаны алууга укук берүүчү тиешелүү документти көрсөтүп, сүрөткө түшүү керек. Карта даяр болгондон кийин алуу үчүн кол коюу жетиштүү.

Пункттардын даректери:
Ленин району - Чүй пр., 315 (Ленин акимиаты)
Свердлов району - Чүй пр., 28 (Свердлов акимиаты)
Биринчи май району-Жибек Жолу пр. 495 (Биринчи май социалдык коргоо башкарамалыгы )
Октябрь району-Байтик Баатыр пр., 17 (Октябрь акимиаты)

Иш мөөнөтү:
Дүйшөмбү-Жума 09:00-18:00
Ишемби, Жекшемби – дем алыш

Жол кирени карта аркылуу кантип төлөйсүз?

Картаны автобустун же троллейбустун кире беришиндеги валидаторго такап, төлөм ийгиликтүү аткарылганына көңүл буруңуз (транзакция ийгиликтүү ишке ашкандыгын дисплейге чыккан жашыл белги жана сигнал аркылуу билесиз).

Картанын жарамдуу мөөнөтү кандай?

«Тулпар» картасынын бардык түрлөрүнүн жарамдуулук мөөнөтү чектелген эмес.