Октябрь районунда Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабында тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Ахунбаев көчөсүнөн Миррахимов көчөсүнө чейин асфальт төшөлдү. Тротуардын узундугу 1600 метр, туурасы 3 метрди түзөт.

«Бишкекасфальтсервис» МИнын иш тартибине ылайык, иш 2023-жылдын 20-майында башталып, 15-августта аяктайт.

Көчөнүн чыгыш тарабы бүткөрүлгөндөн кийин батыш тарабында да ушундай иштер башталат. Мындан тышкары аялдамалардагы асфальттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.