Октябрь районунун жаңы конуштары жаратылыш газына кошулууда.
Газдаштыруу маселеси боюнча "Газпром Кыргызстан"ЖЧК, "РСК" банктын өкүлдөрү жана "Вектор Союз" ЖЧКсынын подрядчылары менен биргеликте Көк-Жар, Кара-Жыгач, Төкөлдөш, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарынын калкы менен 10дон ашык жолугушуулар өткөрүлгөн. Мындан тышкары №6 МАБнын аймагында тургундардан түздөн-түз подрядчылар тарабынан арыздар кабыл алынып, ченелип, буйрутмалар кабыл алынды.
Бүгүнкү күндө Октябрь району боюнча 7808 турак-жайдын 4394 үй жаратылыш газына кошулган, бул 57% ды түзөт.
Свердлов акимиаты муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте турак үйлөрдү газдаштыруу, анын ичинде газ менен жылытуучу от казандарды, башка кошумча жабдууларды жана материалдарды сатып алуу үчүн "РСК" банкы аркылуу жабдууларды кошуу жана монтаждоо боюнча кызматтарга акы төлөө үчүн насыялоонун шарттары жөнүндө райондун жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы "Ак-Тилек", "Ак-Тилек-2", "Ак-Тилек-Турбаза" жана "Бакай-Ата" конуштарында магистралдык газ түтүктөрүн орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштерин баштаган. Курулуш-монтаждоо иштери аяктагандан кийин 2025 жеке турак жай курулуштарын жаратылыш газ менен камсыздоо тармагына кошуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Свердлов районунун 14 конушунун 3ү газ менен камсыздоо тармагына кошулган, бул пайыздык катышта 21,42% ды түзөт.
Газ менен камсыздоо тармагына кошулган үч конушта 1858 үй ээси бар, алардын ичинен 1178(63,40%) газга кошулган, калган 680 үй ээлери(36,6%) ар кандай себептерден улам тармакка кошулган эмес, анын ичинде финансылык каражаттардын жоктугу, техникалык ченемдерге ылайык келбегендиги, өздөштүрүлбөгөн участоктор, курулуп бүтө элек үйлөр.
Биринчи май районунда "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, "Айыл банк" ААК жана "РСК банк" ААК өкүлдөрү менен биргеликте "Щербаков", "Салам Алик", "Алтын Бешик", "Көлмө", "Жеңиш", "Балбан Таймаш", "Аска – Таш", "Маданият", "Керемет", "Касым"конуштарынын жашоочулары менен чогулуштар болуп өттү.
Жоолугушуу суроо-жооп форматында болуп, көгүлтүр отунга кошулуу үчүн насыянын ыңгайлуу шарттары жөнүндө айтып беришти.
Бүгүнкү күндө Биринчи май району боюнча 14 173 турак-жай конушундагы 2 130 үй жаратылыш газына кошулган, бул 15% ды түзөт.
Ленин районунда "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, "Айыл банк" ААК жана "РСК банк" өкүлдөрү менен биргеликте "Арча-Бешик", "Ак-Ордо", "Ак-Өргө", "Ала-Тоо", "Чоң-Арык" турак жай конуштарынын жашоочулары менен чогулуштар болуп өттү. Бүгүнкү күндө Ленин району турак жайларына (80,1%) 10258 же 12792 жеке үйү көгүлтүр отко кошулду, райондун муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, банктар 150-200 миң сомдон 24 айга чейин төмөн пайызда, күрөө, кепил жана баштапкы төлөмсүз насыя берүүгө даяр, ошондой эле насыяны төлөөнүн ыңгайлуу графигин тандоого эркиндик беришет.
Мындан тышкары, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын маркетингдик изилдөөсүнө ылайык, жылытуу мезгилинин 1 айында 100 м2 турак жайга 400 м3 жаратылыш газы сарпталат, мында күйүүчү майдын көрсөтүлгөн 1 м3 түрүнүн азыркы баасы 19 сом болсо, 1 ай газ менен жылытуу үчүн 7 700 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, үйдүн ушундай эле аянты менен 1 ай катуу отун менен жылытууда 6 000 сомдун тегерегинде чыгым кетет, көмүрдү 5 000 сомдон 1 тоннасына сатып алууда. Белгилей кетсек, 3-4 ай жылытуу мезгилинде болжол менен 3-4 тонна көмүр сарпталат.
Урматтуу шаардыктар, абанын булганышын азайтуу максатында жылытуунун альтернативдүү түрүнө өтүүнү сунуштайбыз.