Свердлов районунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча  иштер жүргүзүлүүдө.

Муниципалдык администрация жана шаардык кызматтар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, жеке турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталууда.

Комиссиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү даректер боюнча фундаменттерди жана турак-жай курулуштарын куруунун фактылары аныкталды.

- «Кызыл куруучу» конушунда 2 фундаменти табылып, уруксат кагаздары жок курулган;
- «Дачная-Керчинский» жана «Кайыңды-Шоро» конуштарына 5 фундамент орнотулган;
- “Ак-Тилек” конушунда дубалды көтөрүү стадиясында курулуш токтотулган;
- «Ак-Тилек-2» жана «Дордой» конуштарында 2 өз алдынча курулган турак-жайлар аныкталды.

Ошентип, Свердлов районунун демилгеси менен бүгүнкү күндө уруксат кагаздары жок курулган «Кызыл куруучу» конушунун 2 пайдубалды бузуу иштери жүрүп жатат.

Иш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.