Бишкек шаарынын райондук администрацияларында кирешелер боюнча штабдын отуруму болуп өттү.

Биринчи Май акимиатынын жетекчилигинин, салык кызматтарынын жана райондук МАБнын өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү бюджет боюнча киреше бөлүгүнүн аткарылышы, 4-топтогу (транспорт каражаттары) мүлк салыгын төлөө боюнча иштердин абалы, жер жана мүлк, дебитордук карыздар жана муниципалдык менчиктин ижарачыларын инвентаризациялоо каралды.

Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 2 338, 7 миллион сом өлчөмүндө салык төлөмдөрү жана жыйымдары келип түшкөн, план 2 146,6 миллион сом, башкача айтканда, пландын аткарылышы 109,0% түздү же 192,1 млн.сомго көбүрөөк түшкөн.

Берилген маалыматтын жыйынтыгы боюнча райондук салык кызматына салык төлөмдөрүнүн бардык түрлөрүн чогултуу жана 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча салык чогултуунун пландык көрсөткүчтөрүнө чыгуу боюнча активдүү иштерди улантуу тапшырылды.

Ошондой эле, Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине дебитордук карыздарды жоюу боюнча иштерди күчөтүү, муниципалдык менчик объекттерин жана үй алдындагы жер тилкелерин салык төлөө боюнча инвентаризациялоо жүргүзүү тапшырмасы берилди.