Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Алтын-Булак» пансионатында көчмө жыйын өткөрдү.
Мэр Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында пансионаттын курулуш долбоору менен таанышып, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Абдыжапаркул Жанболотовго бир катар тапшырмаларды берди:
- бак-дарактарды мүмкүн болушунча сактап калуу максатында, негизги жана спорттук имараттардын жайгашкан жеринин башкы планын өзгөртүү;
- ирригациялык системалардын долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
- өзүнчө конференц-зал куруу;
- эс алуучулар үчүн мезгилдин талабына ылайык пляж зонасынын долбоорун иштеп чыгуу.
Учурда аталган объект боюнча долбоорлоо-изилдөө иштери жүрүп жатат.
Жер төлөсү бар 4 кабаттуу жаңы имаратты куруу пландалууда, имарат 250 орунга ылайыкталган. Ошондой эле спорт комплекси жана бир нече коттедждер курулат.
Белгилей кетсек, «Алтын-Булак» пансионаты Ысык-Көлдүн түндүк тарабында Балыкчы шаарынан 75 чакырым алыстыкта, Сары-Ой айылында жайгашкан.
Эскерте кетсек, «Алтын-Булак» пансионатынын эски имараты 1970-жылы курулуп, 1973-75-жылдары пайдаланууга берилген.
Жанындагы 2,6 га жер тилкеси жана 40ка жакын эски курулмалары бар пансионат муниципалдык менчик объектиси болуп саналат жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин реестринде турат.