Урматтуу шаардыктар, кассалык чекти талап кылып, экономиканын көмүскө тармагын ачыкка чыгарууга кошулуңуз!
Лотереяга катышып, баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.
25-декабрдан 30-декабрга чейин лотереянын экинчи этабы өтөт, анда 1244 байге ойнотулат, анын ичинде Бишкек шаарында 10 батир, 11 электромобил, 4 чет өлкөгө сапар, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 фен Dyson.
Лотереянын катышуучусу болуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, катталып, тиркеме сканеринин жардамы менен сатып алууларды жүргүзүүдө алынган кассалык квитанциялардын QR коддорун сканерлөө керек.
Толук маалыматты lottery.salyk.kg сайтынан алууга болот