Муниципалдык администрациянын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын №1 МАБы менен биргеликте Д.Сяопин проспектиси боюнча мыйзамсыз орнотулган жарнама объектилерине бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чараларды уюштурушту.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери менен тротуарларга орнотулган көчмө жарнама объектилери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле кызматкерлер тарабынан 18 даана жарнама  (баннерлер, афишалар, стенддер ж.б.) алынды.

Бул багытта  иштер уланууда.