Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Бакыт Караев менен биргеликте 2023-жылга карата шаардык жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан титулдук тизмеге кирген Ленин районунун аймагындагы жолдордун жана тротуарлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Бүгүнкү күндө Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки узундугу 530м Фучик көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктоодо.
Д. Садырбаев көчөсү А. Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы) узундугу 2,8 км тротуар асфальты төшөлүп жатат.
Ошондой эле жолдорду капиталдык оңдоо иштери томөнкү көчөлөрдө жүрүп жатат:
- М.Алыбаев көчөсү Крылов көчөсүнөн А. Осмонов көчөсүнө чейин.
- Кочкор көчөсү Тыныбеков көчөсүнөн Матыев көчөсүнө чейин.
Тротуарларды капиталдык оңдоо:
- Чүй проспектиси боюнча тротуар. Жаш Гвардия проспектисинен Павлов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы).
- Чүй проспекти Бейшеналиев көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) тротуар.