Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык объектилерди оңдоону улантууда.

2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 13саламаттыкты сактоо объектисин оңдоо пландалган.

Бүгүнкү күндө №1 шаардык клиникалык оорукананын чатырын алмаштыруу иштери аяктады.

Ошондой эле №4, №4, №5, №7  үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, №2, №1 шаардык клиникалык оорукананын, шаардык гинекологиялык оорукана, шаардык реаблитация борборун, шаардык саламаттыкты сактоо борборун оңдоо иштерин жүргүзүү уланууда.