«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде Биринчи май районунда жайгашкан  «Ак-Босого» конушунун аймагындагы жабык коллектордук-дренаждык түйүндөрдү  кол менен жана механикалык түрдө тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, Свердлов районунда Сүйүнбаев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин (батыш тарабы) жана Мичурин көчөсүндө  Сүйүнбаев көчөсүнөн Э.Керимов көчөсүнө чейин( түштүк тарабы) Б-3-2 үлгүсүндөгү  сугат лотоктору орнотуу иштери жүрүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.