Социалдык тармактар аркылуу жарандардын кайрылуусу боюнча райондордо көчмө жыйындар өткөрүлүүдө.
Шаардыктар күнүмдүк суроолор менен Биринчи май акимчилигинин аппарат жетекчиси Медет Кубатбековго кайрылышкан.
Алгач 2010-2012-жылдары курулган Достук кичи районундагы № 1/1, 2/1, 3/1, 2/2, 1/7, 2/7, 11В үйлөрүнө барышты. Аталган турак жай курулуштары боюнча жооп алуу үчүн «Бишкекбашкыархитектура» ММ, «Бишкексууканал »ӨЭБгына кат жөнөтүү, ошондой эле №15 МАБ курулуш компаниясы менен биргеликте тургундар менен жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.
Короо жолун капиталдык оңдоо өтүнүч менен Патрис Лумумба (Аскер шаарчасы) көчөсүндөгү №78,80 үйлөрдүн үй комитети кайрылган.
Ошондой эле, Скандинавский тилкесин карап чыктык, Сергей Лазо көчөсүнөн Кара-Балтинская көчөсүнө чейинки узундугу 400 метрге жакын жолго асфальт төшөө иштерин жүргүзүп берүүнү суранышты.
Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана акимчиликтин компетенциясынын чегинде чечилүүчү милдеттерди көрсөтүү менен протоколуна киргизилет.