Ленин акимиатында салтка айланган жеке кабыл алуу өттү.
12 тургун алдын ала жазылышкан. Жер, турак-жай, Ош базарынан соода жүргүзгөнгө жер бөлүп берүү, көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация түрүндө материалдык жардам көрсөтүү жана башка маселелер көтөрүлдү.
Айрым маселелер боюнча жер-жерлерге комиссиялык баруу тапшырмасы берилди.
Тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге жарандардан түшкөн бардык кайрылууларды ыкчам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чечүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу шаар тургундары!
Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев ар бейшемби күнү саат 14:00дө алдын ала жазылуу менен жеке кабыл алуу өткөрөт. (0312) 65-69-05, 65-69-09 телефондору аркылуу алдын ала жазыла аласыз.
Башчынын биринчи орун басары Садык Мырзакматов шаршемби күндөрү жеке кабыл алуу өткөрсө, шейшемби күнү акимдин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Бакыт Караев, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова жума күндөрү байланышта.