Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларында штабдын жыйындары өттү.

Биринчи май акимчилигинин жетекчилиги, салык кызматынын жана райондун МАБ өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жүрүшү, 4-топтогу мүлккө (транспорт), жер жана мүлккө салык төлөөнүн абалы жана дебитордук береселер талкууланды.

Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө  салык төлөмдөрү жана жыйымдардын эсебинен 2631,4 млн сом пландалса, анын ордуна 2700,1 млн сом түшүп, пландын аткарылышы 102,6%ды түздү же 68,5 млн сом өлчөмүндө ашык аткарылды

4 миллион 389,2 миң сом сом өлчөмүндө салыктык эмес кирешелер чогултулган,  ошондой эле ири ижарачынын эсебинен  7 млн 066 миң 417 карыз төлөнөт.

Берилген маалыматтардын негизинде райондун салык кызматына салык жыйымдардын бардык түрлөрүн чогултуу боюнча жигердүү иштерди улантуу жана 2023-жылдын аягына чейин салык жыйноо боюнча пландык көрсөткүчтөргө жетишүү тапшырылды.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине   дебитордук береселерди төлөө боюнча ишти күчөтүү, муниципалдык менчикти жана салык төлөмдөрү үчүн жеке менчик жер тилкелерин инвентаризациялоо, ижарага алынган батирлерди кыдыруу тапшырмасы берилди.