Акимчиликтерде укук бузуулар боюнча комиссиялар ишин улантууда.
Биринчи май акимчилиги 114-берененин “Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу” боюнча беш материалды караган.
Алсак, «Гефест Билдинг», «Бишкек Петролиум», «БДЖБ», «Умай Групп», «Даниэль» компанияларына ар бирине 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, Бишке шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан протоколдор түзүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген комиссиянын жобосунун негизинде укук бузуулар боюнча комиссия жумасына бир жолу өткөрүлөт.
Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Санитардык жана көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыз. Болбосо, инспекция менчигинин түрүнө карабастан протоколдорду түзөт.