Свердлов районунда жашаган ата-энеси жок 30 баланын көңүлдөрүн ачуу үчүн иш-чара болуп, «Акылдуу муун» коомдук фонду тарабынан мектеп формасы алынып берилди. Балдар өздөрү “ЦУМ-2” соода борборунан 6000 сомго өздөрү каалаган кийимдерди тандап алышкан.
Муниципалдык администрация камкордук жана колдоо көрсөткөн “Акылдуу муун” коомдук фондуна, ошондой эле иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Свердлов району боюнча депутаты Атазов Шайлообек Карыбековичке терең ыраазычылык билдирет.
Бул боорукердик аракети кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген өз ара жардамдын жана биримдиктин үлгүсү катары каралат.