Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын жыйындар залында акимдин орун басары Асел Садыкованын төрагалыгы алдында Свердлов районунун мектептеринин директорлору менен жолугушуу өттү.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылына даярдоо маселелери каралып, мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу, калктын аярлуу катмарындагы балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана башка уюштуруу маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгы менен директорлорго жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогикалык жамаатынын арасында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча мыйзамдарды сактоо, ошондой эле өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.