Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын майрамдоонун алкагында Ала-Тоо аянтында кызуу даярдыктар жүрүүдө.

Иштин жүрүшү менен Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов таанышты.

Эски жана ыңгайсыз отургучтардын ордуна сапаттуу материалдардан жасалган 36 жаңы сапаттуу жана ыңгайлуу отургучтар орнотулуп, отургучтарды көп убакытка пайдалануу үчүн жыгачтары атайын кошулма менен иштетилген.

Мындан тышкары, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтындагы фонтандарды жууп  тазалоодо. Фонтандарды тазалоого 5 жумушчу жана 1 атайын техника тартылган.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди тазалыкты сактоого жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.