Картаны алуу үчүн www.tulpar-card.kg веб-сайтта арыз калтыруу керек. Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматында окуучунун сүрөтүн, ошондой эле электрондук форматта окуган жеринен маалым кат алып жүктөө керек.
Бардык талаалар туура толтурулганда, өтүнмө адистер тарабынан бир нече күндүн ичинде каралат. Тулпар картасы төрт тейлөө борборунда берилет.
Тейлөө борборлорунун даректери:
Октябрь району -Байтик Баатыр пр., 17 (Октябрь акимиаты)
Ленин району -Чүй пр., 315 (Ленин акимиаты)
Свердлов району -Чүй пр., 28 (Свердлов акимиаты)
Биринчи май району -Жибек Жолу, 495.(Биринчи май району боюнча соц.өнүктүрүү башкармалыгы)
Картаны алгандан кийин, "жол кире" опциясын туташтыра аласыз. Ал үчүн "Тулпар" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, катталып, жеке кабинетиңизге картаны байлап, балансты толуктап, "жол кире" бөлүмүнөн жол кире сатып алуу керек.
Мектеп окуучулары үчүн бир айлык жол кире 240 сомду түзөт.
Ошондой эле, каалоочулар шаардык мектептердин администрациясы аркылуу арыз бере алышат.
Белгилей кетсек, окуучулар үчүн стандарттуу көк карталар да бар. Алар эч кандай чектөөсүз эркин сатылууда.