Жайкы каникулдан кийин окуу жылынын башталышында балдардын жаракат алуу коркунучу, айрыкча башталгыч класстын окуучуларынын жол эрежесин билбегендиктен көйгөйлөр жаралат.

Белгилүү болгондой, балдардын жүрүм-турумун алдын ала айтуу мүмкүн эмес, алар дайыма эле жол кыймылында туура багыт ала алышпайт, жолдон өтүп баратканда адашып, кээде аялдамада досунун алдына келе жаткан транспортту байкабай калышат.

Троллейбус башкармалыгы балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүп, троллейбус айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыл сайын сентябрь айында «Көңүл бургула! Балдар! Светофор! Кесилиш! аталышындагы бир айлык өткөрөт.

Урматтуу мугалимдер! Окуучулар менен жолдо, аялдамада жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көчөдөн өтүүгө өзгөчө басым жасооңуздарды суранабыз.

Урматтуу ата-энелер! Эгерде сиздин балаңыз мектепке биринчи жолу бара турган болсо, аны колунан кармап, ҮЙ-МЕКТЕП-ҮЙ маршруту боюнча бир нече жолу басып өтүңүз. Аны узатууга мүмкүнчүлүк таап, жок дегенде 10-15 күн мектептен тосуп алып жана узатып турунуз. Үйгө же мектепке бара жатканда ага көчөдө жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүңүз. Муну менен сиз ага жол эрежесин гана үйрөтпөстөн, анын ден соолугун, балким өмүрүн сактап калууңуз мүмкүн.

Жардамыңыз үчүн алдын ала рахмат!

Урматтоо менен, Бишкек троллейбус башкармалыгы.