Ленин районундагы № 97 мектептин базасында Ленин районунун жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга акимдин орун басары Айзада Джунусова, аппарат жетекчиси Гульмира Джитишикова, Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайгуль Темирканова жана санариптик технологиялар борборунун башкы инженери Ковригин Владимир катышты.
Жыйында 2023-2024-жаңы окуу жылына даярдык көрүү, айлана-чөйрөнү санитардык тазалоо жана Ленин районунун мектептерине жана бала бакчаларына санариптик технологияларды киргизүү (сайттарды иштеп чыгуу жана түзүү) сыяктуу маселелер талкууланды.
Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча “Санариптик технологиялар борбору” ишканасынын өкүлү түшүндүрмө берди.
Жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлоруна мектепке жанаша жайгашкан аймактын санитардык абалын такай көзөмөлгө алып, зарыл болгон учурда санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча тиешелүү иштерди уюштуруу тапшырылды.
Билим берүү борборунун директору жаңы окуу жылында бардыгына ийгилик каалап, жаңы көрсөткүчтөргө жана ийгиликтерге жетишүүнү каалады.