Алматыда велосипедчилер арасында «Tour of Class Almaty - 2023» эл аралык веложарыш болуп өттү.

Мелдешке бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (Бишкек шаарындагы СДЮШОР) 10 окуучусу жана 1 машыктыруучу катышты. Бул мелдешке жалпысынан 600 спортчу катышты.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

Шосселик жарыш 38 км аралыгында
Дядичкин Александр (машыктыруучу - активдүү спортчу) - үчүнчү орун, эркектер арасында (18-34) жаш категориясында.

Шосселик жарыш 34 км аралыгында
Маткаримов Мухамед-Али - үчүнчү орун, эркектер арасында жаш  (18-34) категориясы боюнча;
Березовская Евгения - биринчи орун, кыздар арасында жаш (18-34) категориясы боюнча.

Шосселик жарыш 14 км аралыгында
Чалова Алимина - 1-орун,  (15-17 жаш) кыздар категориясы боюнча;
Оролов Эрлан -1-орун, (15-17 жаш) уландар категориясында;
Грималовский Артем -  биринчи орун, (15-17 жаш) уландар категориясында ;
Кирилл Сафронов -  биринчи орун , (12-14 жаш) эркек балдар категориясында;
Маткаримов Шахрух - 2-орун, уландар категориясында  (12-14 жаш).

Маунтинбайк боюнча
Маткаримов Сардорбек - 1-орун, эркек балдар категориясында (12-14 жаш).

Белгилей кетсек, веложарыш сергек жана жигердүү жашоо образын жайылтуу, велоспорт маданиятын жана велоспортту өнүктүрүү, веложарыштардын статусун көтөрүү, жаш таланттуу спортчуларды колдоо, ошондой эле туруктуулукту, велосипед боюнча улуттук курама команданын профессионалдуу мүчөсү болбостон ылдамдык, кайраттуулукту жана күч-кубатты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чараны «Смелость быть первым» коомдук бирикмеси кооперативдик фонд уюштурган.