Алматыда 16 жаштан жогорку курактагы велоспортчулар арасында "KOSMOS UPHILL - 2023" веложарышы өттү.

Ага бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (Бишкек шаарындагы СДЮШОР) 6 тарбиялануучусу жана 1 машыктыруучу катышты. Бул мелдешке жалпысынан 300 спортчу катышты.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

Эркектер арасында (18-34) жаш категориясында:
Дядичкин Александр — жалпы эсепте экинчи орун;
Маткаримов Мухамед-Али - биринчи орун;
Велямов Данияр - экинчи орун;
Оролов Эрлан – үчүнчү орун.

Кыздар арасында (18-34) жаш категориясында:
Березовская Евгения - биринчи орун.

Белгилей кетсек, веложарыш массалык спортту өнүктүрүү жана жайылтуу, сергек жашоого үндөө, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын уюштуруучусу «Экстримальная  Атлетика» ЖЧКсы болду.