Муниципалдык администрациянын жыйындар залында Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгында Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана округдун участкалык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, уюштуруу маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү.
Райондук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ар бир шайлоо участкасында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана башка маселелер талкууланды.
Штабдын жыйынтыгы менен шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, ошондой эле шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү тапшырылды.
Урматтуу шаар тургундары, белгилей кетсек Ленин районунун бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайрадан шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт.
Ушуга байланыштуу, муниципалдык администрация бардык шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинде тактоого чакырат, ошондой эле жеке маалыматтарды жана УШК жайгашкан жерди тактоо үчүн 119-маалымат кызматына ПИН-кодуңузду жөнөтсөңүз болот.
Ленин району таза шайлоо үчүн!