Д.Садырбаев көчөсүндөгү тротуарды веложол менен оңдоо иштери уланууда. Пландаштырылган тилке чыгыш тарабы Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин 2,8 чакырымды түзөт. Учурда бригада асфальт төшөө иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин 1,5 чакырымга асфальт аралашмасы төшөлгөн. Аталган тилкенин курулушун 2 жуманын ичинде бүтүрүү пландалууда.
Бригада Ж.Абдрахманов көчөсүндө Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн аралыгындагы жердин негизин таптоо иштерин жүргүзүүдө, буга чейин бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотуу иштери бүткөрүлгөн. Ушул жуманын аягына чейин бул тилкени бүтүрүү пландалып, Токтогул менен Москва көчөлөрүнүн ортосунда дагы ушундай эле иштер башталат. Белгилей кетсек, иш чыгыш тарабында жүргүзүлүүдө.
Унаа жолунда капиталдык оңдоо иштери аяктап, бригада Ленск көчөсүндөгү тротуарды куруу иштерин жүргүзүүдө. Иштер 90% аткарылды. Асфальтка даярдоо иштери аяктагандан кийин асфальт төшөө бригадасы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрөт, бүтүрүү мөөнөтү 10 күн.