Борбордук көчөлөрдөгү тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Медеров көчөсүн бойлой Ж.Пудовкин жана Панфилов көчөлөрүнүн тилкесинде тротуардагы эски асфальтты сыйруу иштери жыйынтыкталды. Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин ирригация системасы орнотулду.
Агрардык университеттен Тыныстанов көчөсүнө чейин жана Панфилов көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин тротуар бордюру орнотулду.
Жогорудагы иштердин баары түштүк тарапта жүргүзүлүүдө, ал эми түндүк тарабында Байтик Баатыр көчөсүнөн Ж.Пудовкин көчөсүнө карай эски асфальтты сыйруу иштери башталды.