"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы реконструкция жүргүзүү үчүн Ч. Айтматов проспектиси менен Л. Толстойдун кесилишиндеги өтмөктү жапты.
Бүгүнкү күндө чыгыш тарабында эски плиталарды демонтаждоо боюнча иштер башталды.
Ошондой эле, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн жана ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен пандус оңдолуп, кеңейтилет.
Жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттары менен тепкичтер оңдолот.
Бардык эмгегибиз шаардыктар үчүн!