Бишкек шаардагы  "Үмүт үйү"  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын
социалдык стационардык мекемесинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Борбордун кызматкерлери тарбиялануучулар арасында “Кыргыз жерим – асыл мурасым!” деген темада сынактарды өткөрүштү.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана бардык катышуучуларга белектер тапшырылып, майрамдык сый тамак да уюштурулду.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаардык «Үмүт үйү» карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
жарандардын социалдык стационардык мекемесинде 202 адам жашайт, бул мекеменин бардык тарбиялануучуларына социалдык,
медициналык, жеке кызматтар акысыз көрсөтүлүп, ошондой эле кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектуу буюмдар менен толук камсыз кылынган.