2023-жылдын 9-январынан 2023-жылдын 30-августуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо  боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында көрктөндүрүү эрежелеринин жана санитардык нормалардын бузулушу боюнча 10 826 чарбакер субъектилер текшерилген. Жалпы суммасы 14 277 000 сомго 1385 протокол түзүлүп, анын ичинен 659 жеке жана 726 юридикалык жактар.

Ошондой эле, муниципалдык инспекция Кыргыз Республикасынын көрктөндүрүү жана санитардык нормалар чөйрөсүндөгү «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, аймактарда тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелеринин сакталбагандыгы  үчүн  3000 сомдон 13000 сомго чейин (5 845 000 сомго 665 протокол түзүлдү) жана белгиленбеген жерлерде таштанды чыгаруу, өрттөө, 7500 сомдон 23000 сомго чейин (357 протокол  4 124 000 сомго түзүлдү) айып салууга алып келет.

Бишкек шаарынын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону, ошондой эле көрктөндүрүү эрежелерин  бузуулар тууралуу 0 (312) 62-06-18 телефон номери  аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз.