Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков «Каражыгач» сейил багынын аймагына барып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан каржылана турган жаңы балдар аянтчасынын жана пандустун курулушуна даярдыктардын жүрүшү менен таанышты.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Аянтчаны куруунун негизги максаты – балдардын ойноо жана активдүү эс алуусу үчүн коопсуз жай түзүү болуп саналат. Ошондой эле тротуардын капиталдык курулушу боюнча иштер талкууланды.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын сейил бакка тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзгөн көпүрөнү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул долбоорлор райондун тургундарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эс алуусу жана көңүл ачуусу үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.