2023-жылдын 30-августунан 31-августуна чейин Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү (Бакаев көчөсү) жабылат.
Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализация тармагын куруу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Профит Экспресс» ЖЧКсы Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө канализациялык коллектордун куруу үчүн жер иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.
Буга байланыштуу 30-августта саат 22:00дөн 31-августка чейин саат 10:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жол жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду өтүнөт.