Коомдук транспорттор “Абайлагыла, балдар!” жана «Көңүл бургула, балдар!» деген маалымат баннерлери менен каттамдарга чыгат.
Бүгүнкү күндө 500гө жакын кичи автобустарга жана муниципалдык транспорттун толук кыймылдуу курамына (автобустар жана троллейбустар) баннерлер илинди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти окуу жылынын башталышына карата балдардын жолдордогу кырсыктарын алдын алуу боюнча маалымат кампаниясын баштоодо.
Урматтуу айдоочулар! Транспорт департаменти окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калганын эске салып, буга байланыштуу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн, коомдук транспорттун аялдамаларынын жанынан, билим берүү мекемелеринен өткөндө өзгөчө этият болууга чакырат. Мындан тышкары, балдардын жолдо күтүлбөгөн жерден пайда болушуна даяр болушуңуз керек, анткени бала жолдун эң күтүүсүз катышуучусу.
Эсиңизде болсун, ар бирибиздин коопсуздугубуз жеке тартипке жана жоопкерчиликке байланыштуу.